Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү 9-декабрда Баткен облусунун Жаштык айыл аймагында жолугушуу өткөрүштү. Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, делегациялар чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча буга чейинки иштердин жыйынтыгын жана 2015-жылы жасалчу иштерди талкуулашты. 2014-жылы кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү аймактагы түшүнбөстүктөр боюнча 80ден ашык жолугушуу өткөргөнү айтылды. Жыл ичинде Баткен аймагында 32 чек ара чатагы чыккан, бул өткөн жылкыдан эки эсе көп. Тараптар мындан ары чек ара жаңжалдарына жол бербөө, жергиликтүү тургундарга алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.
"Мамлекеттик чек арага тийиштүү бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек. Ошондуктан өлкөлөрдүн чек арачыларынын ортосундагы карым-катышты күчөтүү зарыл",- деди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын орун басары Искендер Мамбеталиев.