Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеште “2015-жылдын бюджетин жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып жатат. Спикер Асылбек Жээнбеков негизги маселелер боюнча гана өкмөттүн жообун угуп, долбоордун тагдыры добуш берүү менен чечилерин билдирди. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып жатат. Депутат Бакыт Шаршеев Нарын шаарынын көчөлөрүн оңдоону 2015-жылдын бюджетине киргизүүнү сунуштады. Талкуу уланууда.