Вице-премьер-министр Валерий Диль бүгүн, 10-декабрда иш сапары менен Москвага учуп кетти. Өкмөт мүчөсү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу тууралуу келишимдин долбоорун даярдоо жана бекитүү боюнча Евразиялык экономикалык союзунун жыйынына катышат. Жыйын вице-премьер-министрлердин деңгээлинде өтөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Келишимдин долбоорун 2014-жылдын 23-декабрында Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында мамлекет башчыларынын катышуусунда кароо пландалууда.