"Парламенттик башкаруу адам укуктарын коргоого жана камсыз кылууга багытталган" деди депутат Никитенко

Парламенттик демократия мамлекеттик башкаруунун формасы катары адам укуктарын коргоого жана камсыз кылууга багытталган. Муну депутат Наталья Никитенкого шилтеме берүү менен парламенттин басма сөз кызматы 10-декабрда билдирди. Депутат адам укуктарын коргоо жаатында Жогорку Кеңештин, анын ичинде тармактык комитеттин жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди. 
"Бүгүнкү күндө адам укуктарын коргоо маселелери дүйнө жүзүндө курч бойдон турат. Мунун ичинде социалдык экономикалык, шайлоо, гендердик укуктар бар. Демократиялык өлкө катары Кыргызстанда адам укуктарынын корголушуна бардык шартты түзүү зарыл",- деди Никитенко. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан