Мамлекеттик каттоо кызматы системдүү коррупцияны жоюу үчүн 2018-жылга чейин аткарылышы керек болгон 54 иш-чаранын 20сын аткарды. Муну бүгүн, 10-декабрда аталган мекемеден билдиришти. Ондогон жылдар бою жарандардын кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоо тармагында 38 коррупциялык схема иштеп келгенин, учурда аларды жоюу иштери жандуу жүрүп жатканын билдирет мекеме. Мамкаттоо кызматы коррупцияны азайтуу боюнча башка органдар менен биргеликте 46 иш-чараны ишке ашырууга милдеттүү.
Айта кетсек, системдүү коррупциянын тамырын кыркуу багытында учурда бардык министрлик менен мекемелер аткарылган иш-чаралары тууралуу отчёт беришүүдө.