Бишкекте белгилүү компаниялар бензиндин баасын дагы бир жолу төмөндөтүштү. 11-декабрга карата борбор шаарда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин
47 сом 80 тыйын, АИ-80
40 сом 20 тыйын, дизель майы
40 сом болууда. Айрым май куюучу жайларда АИ-92
47 сом 90 тыйындан, АИ-95
52 сомдон сатылууда.
Айта кетсек, өткөн айда АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 40 тыйын, АИ-92 49 сом 90 тыйын, АИ-95 53 сом 20 тыйын, дизель майы 42 сом 50 тыйын болчу.
Күйүүчү майдын арзандашын адистер Орусиядагы мунай өндүрүүчү айрым ишканаларда оңдоо иштери бүтүп, ишке берилгени менен байланыштырышууда.