Украинанын экономика министри өлкөсүн банкрот деп атады

Украинанын экономикалык өнүгүү жана соода министри Айварас Абромавичюс өлкөсү дээрлик банкрот абалына келгенин билдирди. Министр мындай пикирин 10-декабрда экономикалык маселелер боюнча комитет жыйынында билдиргенин чет элдик маалымат булактары жарыялашты. "Бизнесмендер мамлекеттен жардам сурашкан жок, алар бир гана нерсени өтүнүшүүдө, мамлекет тоскоол болбосун деп жатат. Мамлекет, ири эсептер боюнча, банкрот. Ошондуктан биз декларативдик эмес, түрткү берүүчү реалдуу программаларды түзүп жатабыз",- деген министр бизнеске тоскоолдук кылбоо зарылдыгын белгиледи. 
Буга чейин британиялык маалымат булактары Эл аралык валюта фонду Украинага жакын арада 15 миллиард доллар бөлүү чечимине келгенин жарыялашкан эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан