Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, маркум
Султан Ибраимовго "Кыргыз Эл баатыры" наамын берүү демилгеленди. Мындай сунушту депутат
Каныбек Иманалиев көтөрүп чыгып, Султан Ибраимов бир дагы мамлекеттик сыйлык албаганын билдирди. Спикер
Асылбек Жээнбеков демилгени колдоого алды.
"Султан Ибраимов тууралуу айтпасак да белгилүү. Ал киши мамлекетти бекемдөөгө чоң салымын кошкон, таза иштеген инсан",- деди төрага.
Айта кетсек, Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов убагында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. 1980-жылы 53 жашында Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында киши колдуу болуп каза тапкан.