Аксы районунун Тегене айылынын аймагына жер семирткич чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашыруудан Кытай компаниялары баш тартышты. Муну бүгүн, 11-декабрда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кабарлады. Кытай тарап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин сунуштап, ишкана жылына 320 миң тонна жер семирткич өндүрө турганын билдирген. Бирок өкмөт бул долбоорду ишке ашырууга керектүү каражатты ички эсептен табууга аракет кылбаганы, каражаты бар кытайлык компаниялар өкмөттөн кепилдик берүүнү өтүнүшүп, бирок өкмөттөн кепилдик берилбегени айтылды. Мындан кийин инвесторлор иштешүүдөн баш тартышкан.
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аталган долбоорду каржылоого чет элдик жеке инвесторлорду тартууга аракет кылып жатканы кабарланды.
Заводду курууга 498 миллион доллар жумшалышы керек.