Кыргызстанда атайын багыттагы автоунаалар кайрадан техникалык кароодон өткөрүлө баштайт

Жогорку Кеңеш 10-декабрда Кыргызстандагы автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү нормасын кайра киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда колдоду. Мыйзам долбоору жол кыймылын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. Техникалык кароодон өтүүгө тийиш болгон транспорт каражаттары:

1. Ишкердик жүргүзүүдө пайдалануучу транспорт каражаттары:

- жүргүнчүлөрдү ташуучулар, анын ичинде жеңил автоунаалар (такси);

- жүк ташуучулар;

- опурталдуу жана атайын жүктөрдү ташуучулар.

2. Атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык "Тез жардам" автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, жыгач ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, таштанды ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары).

3. Юридикалык жактардын балансында турган транспорт каражаттары.

Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү:

1. Жүргүнчүлөрдү ташуучулар, опурталдуу жана атайын жүктөрдү ташуучулар - жылына эки жолу;

2. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеңил автомашиналар (такси), юридикалык жактардын балансында турган жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучу транспорт каражаттары, атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары - чыгарылган жылына жараша;

3 жылга чейин - кароодон өтпөйт;

3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу;

7 жылдан ашык - жыл сайын. 

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынан тышкары бардык башка транспорт каражаттары техникалык кароодон ыктыярдуу тартипте өтүшөт.

3. Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор ишке ашырышат.

Транспорт каражаттарынын техникалык кароосун жүзөгө ашыруучу диагностикалык борборлор техникалык регламентте белгиленген транспорт каражаттарына талаптарды текшерүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, контролдук-өлчөөчү аспаптар менен жабдылууга тийиш.

Диагностикалык кызматтарды көрсөтүүчү техникалык тейлөө станциялары техникалык кароо жүргүзүүгө укугу жок.

4. Ушул мыйзам менен каралган милдеттүү техникалык кароону өткөрүүгө жоопкерчилик бул транспорттук каражатты пайдаланган мезгил ичинде эксплуатантка жүктөлөт.

Автотранспорт каражаттарын тиешелүү түрдө техникалык кароодон өткөрбөө, ушул мыйзамдын жана техникалык регламенттердин талаптарын аткарбагандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

Техникалык кароону өткөрүү тартиби өкмөт тарабынан аныкталат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан