Жоомарт Оторбаев: "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр качан бүтөрү белгисиз"

"Кумтөр" маселеси боюнча сүйлөшүүдө "Центерра" менен кыргыз өкмөтү бир пикирге келе албай жатат. Муну парламенттин 11-декабрдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Айтымында, кендеги үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүчү биргелешкен ишкана түзүүдө кайчы пикирлер көп. "Сүйлөшүүлөр бир күн да токтогон жок, уланууда. Өткөн аптада "Центерранын" өкүлдөрү Бишкекке келишип, сүйлөшүүлөр жүрдү, бирок консенсуска келе албай жатабыз. Кечээ Торонтодо алар биздин сунуштарды карашты, кандай жыйынтыкка келишкени азырынча белгисиз. Сүйлөшүүлөр кийинки аптада Москвада өтөт. Качан экени белгисиз, бирок сөзсүз бир жыйынтыкка келип, жаңы келишимдерге кол коюулар болот",- деди өкмөт жетекчиси.
Оторбаев "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзүлсө, 2015-жылдын республикалык бюджетине 50 миллион доллардын тегерегинде дивиденд түшөрүн кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан