“Каракол” балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын жаңы жылдык тилектерин орундатууга багытталган “Менин периштем бол” акциясы өтүүдө

Кыргызстанда “Лидерлик” жаш ыктыярчылар уюму тарабынан үчүнчү ирет уюшулган “Менин периштем бол” акциясы өтүүдө. Анда уюштуруучулар коомчулукту “Каракол” балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын жаңы жылдык тилектерин бирге орундатууга чакырат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрдан 25-декабрга чейинки убакыт аралыгына туураланган акциянын алкагында балдар өз каалоо-тилектерин жазышкан. Ошол эле учурда алар белек алып келген “периштелерге” чакан белек даярдашты. Уюштуруучулар балдарга майрамдык маанай тартуулап, алардын көңүлүн бирге көтөрүүгө чакырышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан