Кыргызстанда электр энергиясына жана жылуулукка болгон жаңы тарифтер бүгүн, 11-декабрда күчүнө кирди. Жаңы тарифтер боюнча абонент 700 киловатт-саатка чейин 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 05 тыйындан төлөйт.
Мисалы, абонент 1000 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланса, мунун 700 киловатт-саатына азыркыдай 70 тыйындан төлөйт. Калган 300 киловатт-саатына 2 сом 05 тыйындан төлөп баштайт. Ошондо абонент 1000 киловатт-саат электр кубаты үчүн 1105 сом төлөп калат (700 киловатт-саат х 70 тыйын = 490 сом, 300 киловатт-саат х 2 сом 05 тыйын = 615 сом). Бул азыркы 1000 киловатт-саат электр энергиясынын баасынан 405 сомго кымбат. Кыргызстан быйылкы сезондо 7,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрмөкчү. Муну калкка бөлгөндө ар бир абонентке 680-690 киловатт-сааттан тиери айтылды.
Ал эми жылуулук энергиясы боюнча бирдиктүү тариф киргизилгени жатат, анын баасы 1 гигакалория үчүн 917 сом.