Кыргызстандын карызынын суммасы карыз алууну токтотуу керек болгон чекке жеткени калды

Кыргызстандын карызынын суммасы карыз алууну токтотуу керек болгон чекке жеткени калды. Муну парламенттин 11-декабрдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айта кетсек, тышкы карыздын суммасы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек. "Мунун себеби сомдун девальвациясы. Баарыбыз көрүп тургандай, 4 айда сом 15 пайызга девальвация болду. Мындан тышкары биздин карыз доллар менен эсептелет. Ошондуктан жыл ортосунда карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 44 пайызын түзсө, учурда 55 пайызга жетип калды",- деди Оторбаев. 
Депутаттар эгер карыздын көлөмү 60 пайызга жетип калса, анда сырттан жардам ала албай кала турганын эскертишти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан