Барак Обама Библиядагы сөздү бурмалап айтканы үчүн журналисттердин сынында калды

АКШнын президенти Барак Обама жакында Теннесси штатындагы иш-чаралардын биринде Библиядагы сөздүн маанисин бурмалап айтканы үчүн журналисттер коомчулугунун сынында калды. Муну бүгүн, 11-декабрда чет элдик маалымат булактары жарыялашты.   
Эл алдына чыккан Обама: "Жакшы китепте "айнек үйгө таш ыргытпа же бирөөнүн кемчилигин көрсөтөрдөн мурун өзүңдө кемчилик жок экенине ишен" деп айтылат",- деп билдирген. 
Америкалык журналдардын бири Обаманын фразасынын биринчи бөлүгү же "айнек үйгө таш ыргытпа" деген сөз айкашы 14-кылымда жашап өткөн акын Жефри Чосерге таандык экенин жарыялоого үлгүргөн. Аталган фразанын түп нускасы мындай: "Эгер сен айнек үйдө жашасаң, коңшуңа таш ыргытпа". Мааниси "өзүңдө бар кемчиликти же катаны башка бирөөдөн байкасаң, аны сындаба" дегенди түшүндүрөт.
Библияда "айнек үй" тууралуу эч кандай сөз жок экенин жарыялаган басылма. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан