Данияр Нарымбаев: "Айрым депутаттардын жеке кызыкчылыгынан улам өкмөттүн мыйзамдары кабыл алынбай калууда"

"Эгер партиялар биригип парламентке өтүшсө, өкмөт жоопкерчиликтүү иштей баштайт",- деди бүгүн, 15-декабрда тегерек столдун жүрүшүндө президенттик аппараттын башчысы Данияр НарымбаевАнын айтымында, парламентте аз, ири партиялар болушу керек. "Коалициялык көпчүлүктүн туруктуулугу өкмөттүн пайдалуу жана жоопкерчиликтүү иштешине шарт түзөт. Эгер өкмөт эртеңки күнүнө ишеничтүү караса, ал башкача иштейт. Ал эми парламент өкмөткө жардам бериши керек. Учурда өкмөттүн бир топ мыйзам долбоорлорун парламент кабыл албай коюуда. Айрым депутаттар өз кызыкчылыктарын гана ойлоп жатышат",- деди Нарымбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан