Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолунун Алай аркылуу өтчү бөлүгү 215 чакырымды түзүшү мүмкүн

Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолунун курулушунун техникалык экономикалык негиздемесин деталдуу иштеп чыгуу аракети 2015-жылы башталат. Муну "Кыргыз темир жолу" ишканасына караштуу Магистралдык темир жол курулушу боюнча дирекциясынын башчысы Канат Абдыкеримов билдирди. Анын айтымында, аталган өлкөлөрдүн тийиштүү өкүлдөрү бул маселени талкуулашты. 
"Ар бир өлкө бул долбоордун азыркы абалы жана муну алдыга жылдыруу тууралуу маалымат беришти. Биз өлкөбүздүн аймагында техникалык-экономикалык баа берүүнүн болжолдуу үлгүсү иштелип чыкканын айттык. Азырынча маршруттун так багыты жок, болгону Кытайдан Эркеч-Там аркылуу Кара-Мык багыты каралууда. Тактап айтканда, Эркеч-Там - Сары-Таш - Кара-Мык маршруту. Долбоордун баасы талкуулана элек",- деди Абдыкеримов. 
Маалыматка таянсак, аталган темир жолдун Кыргызстандын аймагындагы узундугу (Эркеч-Тамдан Кара-Мыкка чейин) 215 чакырымды түзөрү болжолдонуп жатканын Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан