Кыргызстанда жер тилкесине ээлик кылуу боюнча документти берүү жөнөкөйлөшөт

Кыргызстанда жер тилкесине ээлик кылуу боюнча документти берүүнүн жол-жобосу жөнөкөйлөшөт. Тийиштүү мыйзам долбоорун Кадастр жана жарандардын кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоо департаменти иштеп чыкканын бүгүн, 15-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Мындай чара системдүү коррупцияны жоюу максатында жасалып жатканын билдирет мекеме. Тактап айтканда, КРнын Жер кодексине өзгөртүү киргизилгени жатат. Аталган мекеме быйыл Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатуу, сатып алуу иштеринин саны өскөнүн билдирет. Мисалы, 2014-жылдын 9 айында 249 084 жаран кыймылсыз мүлк сатып алган, бул 2013-жылкы көрсөткүчтөн 12 пайызга көп экени айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан