Ош шаардык мэриясынын тийиштүү долбоорунун студенттери Жогорку Кеңеште болушту

Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин "Интеллектуалдык өнүктүрүү мектеби" окуу долбоорунун студенттери Жогорку Кеңеште болушту. Парламенттин маалымат кызматы 15-декабрда билдиргендей, алар депутат Надира Нарматова менен жолугушту. Жолугушууда депутат Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен фракцияларынын ишмердүүлүгү, мыйзам кабыл алуу процесси тууралуу маалымат берген.

Студенттер аймактарда мектеп окуучуларынын билим алуусу, тажрыйбалуу кадрлардын жетишсиздиги, жакырчылыкты азайтуу маселелерин чечүү тууралуу пикирлерин айтышты. Нарматова бул жаатта мыйзам чыгаруу органы тиешелүү мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнү демилгелөө менен алардын чечилишине шарт түзүп жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан