"Канжар Кадыралиевдин үстүнөн 6 арыз түшкөн, аны милиция жашырып жатат" дейт Илияз Келдибаев

"Канжар Кадыралиевдин үстүнөн 6 арыз түшкөн, бирок анын ичинен 2 гана арыздын негизинде кылмыш иши козголгон. Аны учурда милиция өзү жашырууда. Анын карындашы, депутат Ыргал Кадыралиева агасын коргоп, ар бир эшикке кирип жүргөнүн угуп жатабыз". Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда маалымат жыйынында жабырлануучу Сактан Келдибаевдин туугандары билдиришти.

Биздин 82 жаштагы ата-энебизди ур-токмокко алып, буту-колун таңып, оозун скотчтоп, 12 миң долларды карактап кеткен Канжар Кадыралиев дале жазасыз жүрөт. Биз мындан 2 ай мурун президентке кайрылганбыз. Анда бул иш президенттин көзөмөлүнө өттү, Канжар жазасын алат деп ишенгенбиз. Бирок, тилекке каршы, ал дале бизге байланышка чыгып, Өзгөн, Куршабда балдары менен жүрөт, ага жергиликтүү тургундардын баары күбө. Ал Куршабдагы ата-энесине күнүгө саат 20:00-21:00 чамасында барып турат. Канжар менин иниме “мен сени көчөдөн болсо да кармап жок кылам” дегенинен биздин үй-бүлөнү 2 айдан бери милиция кайтарып келет. Биздин жашообуз жашоо деле болбой калды. Биз милицияга барган сайын аны таппай жатканын айтышат. Акыркы жолу биз Канжар кайсы номер аркылуу иним менен байланышып, кайда жаткан дарегинен бери бергенбиз. Ал түнү милиция кызматкерлери барып аны качырып салып, бизге “биз барганда ал жок экен” деп айтышты”,- деди Ош милициясына нааразы болгон жабырлануучунун агасы Илияз Келдибаев.

Менин бала-чакамды катуу ур-токмокко алып, уулумдун башын жанчып, анын кансыраганын көргөндөн кийин буту-колум титиреп калды. Ошол окуядан бери ден соолугум начарлады. Ушул жашка келип, ушундай кордукту көрөм деп ойлобоптурмун, балдарымдын кыйналганына жүрөгүм ооруп жатат. Азыр мен үй-бүлөмдү кордогондор жазасын алсын деп эле тилейм”,- деди жабырлануучунун апасы Абиба Келдибаева.

Ошондой эле маалымат жыйынында Канжар Кадыралиев буга чейин жабырлануучуга айына 500 доллардан 2 миң долларга чейин салык салып жүргөнү айтылды. Мындан сырткары кылмышка шектүү дагы бир жаранды коркутуу жолу менен кафесин тартып алганы белгилүү болду.  

Келдибаевдердин үй-бүлөсү президент Алмазбек Атамбаев жана башкы прокурор Аида Саляновага Канжар Кадыралиевди камоого жардам берүү үчүн экинчи ирет кайрылышты. Ошондой эле алар бир да кылмышкер жазасыз, эркиндикте калбашы керектигин айтышты.  

"Канжардын бүгүнкү күнгө чейин качып жүргөнү ал кылган кылмыштарын мойнуна алып жатканын далилдейт",- деп кошумчалады Илияз Келдибаев. 

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган. 

Ал эми Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asiana
2014-12-16 13:12:40
Келдибаевдерди жакшы таныймын,алар жашоого аябай тын канча уй-булону жумуш орду менен камсыз кылып оз орду менен жашаган инсандар.Коро албастар бузукулар талап тоногон арам тамакка гормондору адат болуп калган 2 бутту неме ушинтип сайрандап жургону элдин кыжырына гана тийет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан