Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Данияр Тербишалиевдин талапкерлигин карап, чечим кабыл алууну 16-декабрга калтырды. Муну жабык эшик артында өткөн жыйындан чыккан вице-спикер Төрөбай Зулпукаров SUPER.KG порталына 15-декабрда билдирди. Зулпукаров жыйында билим берүү жана илим министрлигине вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын талапкерлиги, ал эми бошой турган вице-премьер-министрлик кызматка депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги калганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Алиясбек Алымкулов эмгек, миграция жана жаштар министри, Канат Садыков билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулушкан.