"Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишине ылайык, Канжар Кадыралиевди 19-ноябрдан бери издөө жүрүп жатат. Жабырлануучу тараптын “милиция бул багытта иштебей жатат” дегени туура эмес. Канжар Кадыралиевди кармоодо убакыт талап кылынып жатат". Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 15-декабрда билдиришти.
Ал эми Бишкектеги маалымат жыйыны учурунда жабырлануучу С.Келдибаевдин туугандары Канжар Кадыралиевди милиция издебей жатканын айтышкан эле.
Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган.
Ал эми Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.