Кыргызстанда "101", "102", "103" кызматтарын бириктирген "112" кызматы ишке кирди

Кыргызстанда "101", "102", "103", "104" кызматтарын бириктирген жаңы "112" кызматы ишке кирди. Жаңы бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системинин ачылышына вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "112" кызматында алдынкы маалыматтык технологиялар колдонула турганын билдирди. 
"Диспетчерлер ыкчам чара көрүү кызматына ылайык ар бир чакырууга жөнөтүлөт, окуя болгон жерге күчтөрдүн барышын жана жабырлануучуга тийиштүү жардам көрсөтүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөйт. Эми өлкөнүн ар бир жараны чукул кырдаалга кабылган учурда 112 номурун терүү менен бирдиктүү кызматты пайдалана алат",- деди Боронов.
Министр бул кызматтын ишке кириши менен чукул кырдаалдарды эффективдүү башкаруунун сапаты жакшыра турганын, жабыркагандар менен каза тапкандардын санын кыскартууга жол ачарын кошумчалады. "112" системи бардык нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардын баарын ("101", "102", "103", "104") бириктирет жана өзгөчө кырдаалдарга реакция жасоодо убактысын кыскартат",- деди өзгөчө кырдаалдар министри.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан