Жоомарт Оторбаев: "Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында долбоорлорду ишке ашырууга абдан маани берет"

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-декабрда Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Оторбаев уюмду мындан ары бекемдөө багытында сөз сүйлөдү.
"Кыргызстан ШКУнун алкагында долбоорлорду ишке ашырууга абдан маани берет. Буга байланыштуу Кыргызстан бир топ жемиштүү иштерди жасады",- деген өкмөт башчы аймактык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу буларды айтты: 
"Шанхай Кызматташтык Уюмундагы өлкөлөрдүн экономикасы алдыга жылыш үчүн пайдасы бар түрдүү экономикалык жана инвестициялык долбоорлор боюнча принциптердин үстүнөн ойлонуу зарыл. Приоритеттүү багыттардын бири энергетикалык ресурстарды эффективдүү пайдалануу жана жаратылыш байлыктарын өздөштүрүү экени көрүнүп турат". 
Жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары кызматташтыктын түрдүү багытында кенен пикир алышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан