Өкмөт башчы бир катар токой чарба кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин 8-декабрдагы жарлыгы менен Кыргызстандын токой чарбасынын бир катар кызматкерлери Ардак грамота менен сыйланышты. Сыйлык Кыргызстандын Токой чарба кызматкерлеринин күнүнө карата айлана-чөйрөнү жана токой чарба системин өнүктүрүүгө салым кошону үчүн берилди. Сыйлык алган кызматкерлер төмөндө:
Майрамбек Алиев - Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Токой экологиялык системи жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы;
Абдималик Аалиев - Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Ош токой чарбасынын директору;
Толкунали Дзимов - Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы;
Бакыт Ырсалиев - Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Токой экологиялык системи жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары департаментинин директорунун орун басары;
Жусуп Түкөбеков - Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Каракол токой чарбасынын инженери. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан