Москвада Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин миграция маселеси боюнча эксперттеринин жолугушуусу өтүүдө. "ШКУнун мейкиндигиндеги миграциялык маселелердин глобалдуу чакырыктары" деп аталган жыйынга Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары
Доскул Бекмурзаев баштаган делегация катышууда. Жыйын 15-16-декабрь күндөрү өтүүдө.
Бекмурзаев Орусиянын Федералдык миграция кызматынын төрагасы Константин Ромодановский менен жолугушуп, миграция жана Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушунан кийинки кызматташуунун келечегин талкуулашканын аталган министрлик кабарлады.