Жоомарт Оторбаев Кытай премьери Ли Кэцян менен жолугушту

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 15-декабрда Астанада Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Жолугушууда тараптар "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн, өлкөгө кошумча "Түндүк-түштүк" унаа жолун жана мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, Бишкек ЖЭБин жаңылоо тууралуу пикир алышышты. Жоомарт Оторбаев аталган долбоорлор тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи. "Биз Кыргызстан - Кытай - Өзбекстан - Тажикстан - Казакстан - Ооганстандын байланыштыра турган көп түрдүү аймактык транспорттук коридор түзүүнү сунуштайбыз",- деди премьер-министр. 
Мындан тышкары "Датка" көмөк чордонун куруу долбоорунун аякташына байланыштуу Кытай премьерине ыраазычылык билдирди. 
Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилешкенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан