"Эгер демилгеленип жаткан шайлоо боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор күчүнө кирсе, кийинки парламентке үчтөн ашык партия өтө албай калышы мүмкүн",- деди бүгүн, 16-декабрда журналисттерге "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы
Камчыбек Ташиев.
Анын айтымында, парламенттик шайлоого катышууга партиялар үчүн күрөөнүн көлөмүн 5 миллион сомго чейин көтөрүү керек. "Мындан тышкары парламентке өтүш үчүн босоголук чекти 10 пайызга чейин көтөрүүнү колдойм. Мындай өзгөрүүлөр партиялардын парламентке өтүшүнө тоскоолдук түзүү, аларды шайлоого катыштырбай коюу ниетинде эмес, ири, күчтүү, жоопкерчиликтүү партиялардын парламентке келиши үчүн сунушталууда",- деди Ташиев.