Кыргызстанда саясий партияларды "солчул" жана "оңчул" деп экиге бөлүү сунушталууда

Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө серепчи Зайнидин Курманов Кыргызстандагы партиялык системди эки багыттуу кылып, "солчул" жана "оңчул" деп бөлүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өлкөдө партиясыз, эки партиялуу, аралаш жана башка саясий системдер иштелип чыгып, учурда көп партиялуу систем орун алууда. "Бизде революциялар болот, бирок бюрократиялык систем калат. Муну менен күрөшүү керек. Ошондуктан инжиниринг механизмин колдонуу туура. Эгер "оңчул" жана "солчул" деп бөлүү менен иштеген европалык мамлекеттердин тажрыйбасына көңүл бурсак, алар өнүгүп, бир топ ийгиликтерге жеткен. Муну биз эске алышыбыз керек",- дейт Курманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан