19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча 400гө жакын киши суракка алынды. Муну ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, бул ишти ички иштер министри Мелис Турганбаев жеке көзөмөлүнө алган.
“Тергөө учурунда жаңы фактылар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Бул иш министрдин көзөмөл астында уланууда”,- деди Жапаркулов.
Депутат Бактыбек Калмаматов иш тууралуу: “Сиздердин тергөөңүздөр жүргүчө эле массалык маалымат каражаттары иштин жарымын ачып коюшту. Кимдердин катыштыгы боюнча маалыматтар тарап жатат. Бул боюнча кандай фактылар бар?”- деп суроо берди.
Жапаркулов бул тууралуу тергөө иштери улантылып жатканын айтып, бирок фактылар тууралуу ачык айткан жок. “Массалык маалымат каражаттарына жазылып жаткан айрым белгилүү адамдар тууралуу да маалыматтар каралууда”,- деди министрдин орун басары.