"1917-жылы Кыргызстанда Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбековдор либералдык мүнөздөгү "Алаш-Ордо" партиясын түзүшкөн. Учурда өлкөдө бир да либералдык партия жок",- деди бүгүн, 16-декабрда тегерек столдун жүрүшүндө саясий серепчи
Зайнидин Курманов.
Анын айтымында, аталган партия кадеттердин колдоосун издей баштаган, бирок аракеттери ийгиликсиз өтүп, андан кийин иш жүргүзүүгө тыюу салынып, репрессияланган. "Учурда Кыргызстандагы партиялардын өз идеологиясы жок. Алар күчтүү лидерлердин тегерегинде түзүлүшүүдө. Европалык партияларга салыштырмалуу биздикилер партиялардын түзүлүшү боюнча айырмаланат. Мисалы, КРнын партиялары коомдун бир тобуна эмес, бардык шайлоочуларга умтулушат",- деди адис.