Алмазбек Атамбаев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Мэлис Мамбетжановду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-декабрда өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Мэлис Мамбетжановду кабыл алды. Жолугушууда аталган кызматтын ишмердүүлүгү, жыл ичинде жасаган иштери талкууга алынды. Мамбетжанов өзү жетектеген мекеменин эл аралык кызматташтыгы, КМШга мүчө өлкөлөрдүн Финансылык чалгындоо органдарынын жетекчилеринин кеңешине Кыргызстандын төрагалык кылуусундагы жасалган иштер тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчы терроризм, экстремизм жана кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча Финансылык чалгындоо кызматы башка мамлекеттик органдар жана эл аралык институттар менен кызматташууну күчөтүү керектигин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан