Парламент депутаты Данияр Тербишалиев Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жетектөөдөн баш тартса, анын ордуна талапкер катары депутат Ирина Карамушкина сунушталат. Муну бүгүн, 16-декабрда журналисттерге депутат Бахтияр Кадыров билдирди. Анын айтымында, фракция жыйынында Тербишалиевдин талапкерлигин жылдыруу чечими кабыл алынган. "Эгер ал баш тартса, министрлик кызматка Ирина Карамушкина дайындалышы мүмкүн",- деди депутат.