Дастан Бекешев парламентке 3 эле партия өтсө, саясий туруктуулук орнооруна ишенбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламентке 3 эле партия өтсө, өлкөдө саясий туруктуулук орнооруна ишенбейт. Мындай пикирин депутат 16-декабрда тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

"Парламентке партиялардын азыраак келиши үчүн мыйзам өзгөртүлүүдө. Тарыхта биз ар кандай башкаруу формаларын башыбыздан өткөргөнбүз. Парламентте 3 эле партия болгон учур да орун алган. Анда туруктуулук болгон эмес. Бийликтеги партиялар өз элинен алыс болуп, элдин пикирин душмандык катары санай башташы мүмкүн. Алар өз оюн эң туура деп санай башташат",- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан