“Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө иштери бир тараптуу жүрүп жатат”,- деп билдиришти депутаттар Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында. Айтымдарында, Ички иштер министрлиги аталган факт боюнча айрым маалыматтарды ачыкка чыгарбай, жашырууда.
Депутат Ширин Айтматова ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркуловго кайрылып, буларды айтты: “Дүйшөбаеванын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев мага келип, “кылмыш иши болгондон 10 ай өтсө да, эч кандай жыйынтык чыкпай жатат” деп арызданды. Ал ишти тергеп жаткандарга кайрылып, “кылмышка шектүү адамдардын арасында башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калый Салянов менен “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Осунбек Жамансариевдин сүрөтү эмнеге жок болуп жатат?” деп кайрылса, тергөөчүлөр “Алардын сүрөттөрүн кантип кошмок элек?” деп жооп беришиптир. Мына, тергөө бир жактуу жүрүп жатат. Бийлик, байлык бар жерде бардык эле учурда тергөө иштери калыс болбой калчу”,- деди Айтматова.
Жапаркулов мындай маалыматка ээ эместигин айтты.