Алмамбет Шыкмаматов: "Кумтөр" боюнча өкмөт менен "Центерра" бир пикирге келе албай жатат"

"Кумтөр" боюнча кыргыз өкмөтү менен "Центерра" бир пикирге келе албай жатат. Муну 16-декабрда маалымат жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Министрдин билдиришинче, сүйлөшүүлөр тынымсыз уланууда. Тараптар макулдаша албаган маселелер: экологиялык чыгым, козголгон кылмыш иштери жана техникаларды лизингге алуу. Маалыматка таянсак, техникаларды лизингге алуу боюнча келишим бар. 10 жыл ичинде кыргыз өкмөтү 100 миллион доллар, канадалык тарап 100 миллион доллар которот. 10 жылдан кийин компания техникаларды 1 долларга сатат. Учурда аталган 200 миллион долларды ылдый түшүрүү боюнча талаш жаралууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан