Саламаттыкты сактоо министрлигинде быйыл 34 коррупциялык схема табылганы айтылды

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинде быйыл 34 коррупциялык схема табылды. Муну 16-декабрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев саламаттыкты сактоо системиндеги коррупция боюнча өткөн жыйында билдирди. "2014-жылдын 17-июнунда системдүү коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Бул аралыкта министрликте 5 коррупциялык аймактын бети ачылды",- деди Маматалиев. 
Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоготуу үчүн ар бир органда коррупцияга каршы иш жүргүзүүчү комиссиялар түзүлгөнүн айткан вице-премьер "саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция жарандардын медицина кызматкерлерине болгон ишеничин жоготууда" деп кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан