"Чет өлкөнүн тыңчылары деп Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардан шек саноо туура эмес". Муну 16-декабрда маалымат жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Министр өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын 90 пайызы мамлекетке өнөктөш экенин айтат. "Демократиялык коомдун башкы талаптарынын бири - күчтүү жарандык коом. Көптөгөн бейөкмөт уюмдар билим берүү, социалдык жана башка тармактарда мамлекетке өнөктөш болууда. Бирок мыйзамга айрым жагдайлар боюнча түзөтүү киргизүү керек. Айрым уюмдарда үй-бүлөсү менен иштегендер бар, атасы айдоочу, кызы эксперт болуп. Буга чек коюш керек",- деди министр.