Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө 2015-жылдын 1-январында тыюу салынат

Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө 2015-жылдын 1-январында тыюу салынат. Муну 16-декабрда маалымат жыйында Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко билдирди. Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоору учурда парламентте каралууда. "Мыйзамдын Кыргызстандагы оң рулдуу унааларга тиешеси жок. 2016-жылдын 1-январынан баштап оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салынат. Бул кырсыктардын көрсөткүчүнө байланыштуу болууда. Анткени мындай унаалардын техникалык мүнөздөмөсү биздин стандарттарга туура келбейт",- деди Дьяченко. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан