Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети 16-декабрда Жогорку Кеңештин депутатынын статусу тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү демилгесин жактырды.
Демилгечи депутат Эристина Кочкарова мурда Конституциялык палата, Жогорку Кеңештеги депутаттык топтор фракциядан тышкары боло албай тургандыгы боюнча чечим кабыл алгандыгын эске салып, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги депутаттык топтор фракциядан тышкары боло албай тургандыгы боюнча чечимди аткарууга багытталганын белгиледи.
Мындан тышкары комитет мүчөлөрү жарандардын кайрылууларына мамлекеттик органдардын жооп берүү мөөнөтүн 14 күндөн 30 күнгө узартуу сунушун карашты.
"Жылына өкмөткө депутаттардан 2000ге жакын суроо-талап жиберилет. Андан тышкары 900гө жакын кайрылуу комитеттер менен фракциялардан келип түшөт. Аларга 14 күндүн ичинде толук жооп берүүгө убакыт жетишпейт. Ошондуктан кайрылуу каттарына жооп берүүнүн мөөнөтүн 30 күнгө узартуу зарыл",- дейт өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Рыскүл Абетекова.
Комитет төрайымы Айнуру Алтыбаева, мыйзамга ылайык, жарандардын кайрылууларына мамлекеттик органдар 14 күндүн ичинде жооп бериши милдеттүү экендигин белгиледи.
Талкуу жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.