Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев эмгек, миграция жана жаштар министри кызматынан баш тартты. Муну депутат бүгүн, 16-декабрда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Тербишалиев аталган кызматка депутаттар Ирина Карамушкина, Абдыманап Кутушев жана коомдук ишмер Бакыт Романов да сунушталганын айтып, бирок министрлик кызматтан Романовдон башкасы баш тартып жатканын билдирди.