Депутат Данияр Тербишалиев Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюуну сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат бүгүн, 16-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаштардын маселелерин чечүү үчүн министрликтин зарылчылыгы жок. "Жаштар маселелерин чечүү үчүн бүтүндөй министрлик түзүүнүн кереги жок. Конкреттүү иштерге өтүп, бир катар министрликтерди да жоюп, алардын базасында бөлүмдөрдү ачууга болот",- деди Тербишалиев.