"Кыргызстан эл аралык соттордо өз укугун коргоого даяр турушу керек". Муну юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 16-декабрда маалымат жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, учурда кыргыз өкмөтүн чет элдик 8 компания сотко берүүдө. Алар талап кылып жаткан акчанын суммасы 1,5 миллиард долларга жакын. "Биздин алдыбызда эки гана жол бар: мыйзамсыз иштер болгонун далилдөө менен объекттерди улутташтыруу же аларды эл аралык компанияларга кармата берүү. Эл аралык соттордо укугубузду коргоого даяр турушубуз керек",- деди Шыкмаматов.
Эскерте кетсек, буга чейин "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов "Кыргыз өкмөтүн 8-9 компания сотко берүүдө, коркунучтар бар. Анткени эл аралык сотто алардын баарын утуп чыгабыз деген ишенич жок" деп билдирген эле.