Жардыргыч заттарды сатуу, ташуу, сактоо иштери мыйзамдуу жолго салынат

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында өкмөт тарабынан жаңыдан иштелип чыккан "Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.  

Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоорунда өлкө аймагында өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздери жана принциптери аныкталат. Ошондой эле өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө коомдук коопсуздукка кылмыштуу кол салуулардын алдын алууга багытталган.

Долбоор өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл бөлүгүндө Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин, Ички иштер министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экономика министрлигинин ортосундагы иш-милдеттерди чектөө каралган.

Андан сырткары жеке жактардын жардыргыч материалдарды жүгүртүүсүнө уруксат берүүнү белгилеген жоболор, жардыргыч материалдарды сатып алуу, сатуу, ташуу, сактоо, колдонуу, жок кылуу жана алып коюу тартиби, ошондой эле жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланыштуу чектөөлөр аныкталууда.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Жогорку Кеңештин кароосуна 1-окууда алып чыгуу чечимин кабыл алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан