Кыргызстандагы таксисттерди патент алууга милдеттендире турган мыйзам долбоору парламентте сунушталууда. Долбоорду Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 16-декабрда биринчи окууда карады. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, оор жүк ташуучу унаалардын ээлери 6000 сомдон, жеңил унаалардын ээлери патент үчүн 1000 сомдон 3000 сомго чейин төлөшү керек болот. Акчаны төлөөдөн баш тарткандар бир жылга унаа айдоо укугунан ажыратылмакчы. Депутат Жусупали Исаев Кыргызстанда таксисттик жумуш эң жеңил иш экенин айтты. “Бизде таксисттердин оокаты эң жеңил болуп калды. МАИ келип калса, качып кетишет же шашкасын ала коюшат. Алар патент менен иштөөгө өтүшсө, мамлекеттик бюджетке да чоң пайда түшмөк”,- деди Исаев.
Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактыруу чечимин кабыл алды.