2014-жылдын 11 айында Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы + ички) карызын тейлөөгө 12 миллиард 471 миллион 308 миң сом жумшалды, анын ичинде:
- мамлекеттик тышкы карыз боюнча - 4 миллиард 697 миллион 297 миң сом;
- мамлекеттик ички карыз боюнча - 7 миллиард 774 миллион 11 миң сом.
Каржы министрлиги билдиргендей, 2014-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өлчөмү 3 миллиард 637 миллион долларды (208 миллиард 586 миллион сом) түздү. Мунун 94 пайызын мамлекеттик тышкы карыз (3 миллиард 420 миллион доллар) түзсө, 6 пайызын мамлекеттик ички карыз (217 миллион доллар) түзөт.