Кыргызстанда оң рулдуу унаалардын рулун сол жагына которуу сунушуна өкмөт каршы

Парламент депутаты Улукбек Кочкоровдун Кыргызстандагы оң рулдуу унаалардын рулун сол жагына которуу сунушуна Ички иштер министрлиги каршы. Бул тууралуу ички иштер министринин өкүлү Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 16-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, оң рулдуу унаалардын рулун сол тарабына которуу татаал иш болгондуктан, бул ыкманы Кыргызстанда колдонуу мүмкүн эмес. 

“Рулду бир тарабынан экинчи тарабына которууда бир катар механизмдер бар. Ал иш бизге туура келбейт. Бул нерсе жол кырсыгын 2 эсеге жогорулатып жибериши мүмкүн”,- деди өкмөт өкүлү.

Улукбек Кочкоров 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы оң рулдуу унаалардын рулун сол жагына которуу маселесин көтөрүп, өкмөткө бул маселени караштырып чыгуу тапшырмасын берген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан