Кыргызстанда балдарды зомбулуктан коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүү сунушталды

Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети “Зомбулуксуз мектеп” аттуу программаны ишке киргизүү боюнча көчмө жыйын өткөрдүЖыйында программаны ишке ашыруу жаатында тийиштүү министрликтердин маалыматтары угулду.

Акыйкатчы институтунун өкүлүнүн айтымында, чет өлкөлүк тажрыйбаларды иликтеп, курамына тиешелүү министрлер кирген жетектөөчү комитет түзүлүп, бул багытта иш алып баруу боюнча меморандум кабыл алынып, анын негизинде “Зордук-зомбулуксуз мектеп” аттуу тарбия берүүчү программа иштеп чыгып, ишке ашыруу жагы колго алынган. Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясы менен программаны мектептерде окутуунун усулу иштелип чыккан. Азыркы тапта 38 мектепте бул программа сыноодон өткөрүлгөн. Эми калган мектептерге да бул программаны киргизүү планы бар. Анын негизинде зордук-зомбулук жоюлган мектептерге тиешелүү сертификаттар тапшырылмакчы.

Депутат Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигинин жалпы отчётун, анын ичинде мектептерде зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жасалып жаткан иштери тууралуу маалыматын 4 жылдан бери ала албай келе жатканын билдирди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мектептерде окуучуларды зомбулуктан коргоо боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө токтом кабыл алууну жана балдарды зомбулуктан коргоо боюнча координациялоочу кеңешме түзүүнү өкмөткө тапшырды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан