Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюуга Ирина Карамушкина макул

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюуга депутат, аталган министрликти жетектөөгө сунушталган талапкер Ирина Карамушкина макул. Муну депутат 16-декабрда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Депутат аталган министрлик миграция тармагында жарытылуу иш кылбаганын айтат. "Министрликтин Миграция башкармалыгы кагаздарды ары-бери жөнөтүүдөн башка эч нерсе менен алектенбейт. Миграция боюнча өзүнчө агенттик түзсө болот. Бул агенттик мыкты кадрлар менен ушул тармак боюнча гана иш жүргүзүшү керек. Эмгек жагын Социалдык өнүгүү министрлигине кошсок болот, ал эми жаштар маселеси бардык министрликке байланыштуу нерсе",- дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан