Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин акча бирдиги сом боюнча калары айтылды

Кыргызстан Бажы союзуна киргенден кийин өлкөнүн акча бирдиги сом боюнча калат. Муну парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 16-декабрдагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, Бажы союзундагы өлкөлөрдүн бирдиктүү валютага өтүшү тууралуу азырынча маселе көтөрүлө элек. Депутаттар Кыргызстан Орусия экономикасы менен тыгыз байланышта экенин, валюта рыногунда ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүн экенин билдиришти эле, Абдыгулов валюталык саясатты жүргүзүүгө керектүү бардык чаралар көрүлөрүн убадалады.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан